Жарандарды паспорт менен камсыздоо үчүн кошумча 22,5 млн. сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөт башчы Игорь Чудинов шайлоого карата даярдыкка байланыштуу өткөн бүгүнкү селектордук жыйында билдирди. Премьер-министр шайлоого карата 460 миң жаран ички паспортко ээ болгонун билдирди. Мындан тышкары өкмөттүн токтому менен 1994-жылы берилген паспортторду колдонуу мөөнөтү узартылды. (EK)