Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Э. Каптагаевдин жердештери жол тосуу ниетинде


Бүгүн алар каршылык акциясы туурасында жергиликтүү органдарга расмий түрдө кайрылды. “Улуу Биримдик” партиясынын лидери, БЭКтин мүчөсү Эмилбек Каптагаев сабалганы боюнча билдирүү тараткандан бери айылдаштары тынчый элек. Ысык-Көл районундагы Чок-Тал айылынын тургундары 18-июль күнү айыл өкмөтүнө барып, саясий куугунтук токтотулбаса шайлоо алдында Бишкек-Чолпон-Ата жолун тосоорун билдиришкен. Бүгүн 19-июлда 200гө жакын адамдын колу коюлган арыз райондук бийлик жана күч структураларына жолдонду. Элдин атынан келген өкүлдөр Бишкек шаарынан 59 61 47 номердеги телефондон кимдир-бирөөлөр Каптагаевди ачык эле коркутуп атканын жана аны тез арада таап берүү талаптарын койду. Аким, прокурор коопсуздук кызматы жана милиция башчысы аталган номердеги телефонду иликтөө окуя болгон аймактан гана териштирилээрин түшүндүрдү. Эмилбек Каптагаевдин атасы Саламат Каптагаев баштаган улуу муун өкүлдөрү да талаптар аткарылбаса бүтүндөй бир айыл шайлоодон баш тартаарын эскертти. Чок-Тал айылынын эли жалаң Эмилбек Каптагаевдин туугандары экенин айыл өкмөтү да ырастады. (RB)

XS
SM
MD
LG