Москвадагы “Мемориал” укук коргоо борборунун Чеченстан боюнча бөлүмүнүн өкүлү, ал жердеги укук бузууларды документтештирип келе жаткан Наталья Эстемированын сөөгү кечээ кечке жуук коңшу Ингушетиянын Назрань шаарынан алыс эмес жерден табылган. Мунун алдында укук коргоочуну кечээ эртең менен белгисиз бирөөлөр Грозныйдагы үйүнүн жанынан автоунаага күчтөп салып, уурдап кетишкен эле.
"Мемориал" уюмунун башчысы Олег Орлов уюмдун интернет сайтындагы билдирүүсүндө кесиптешинин киши колдуу болгону үчүн чечен президенти Рамзан Кадыровду айыптап, Кадыров Эстемированы мурда эле коркутканын жана жеке душманы катары караганын белгилеген.
Бул аралыкта Интерфакс маалымат агенттиги чечен президентинин бул “үрөй учурган” кылмышка жоопкерлер “айоосуз жазалануусу керек деген сөздөрүн таратты. Укук коргоочунун киши колдуу болгонуна орус президенти Дмитрий Медведев да кыжырдануусун билдиргенин анын маалымат кызматы кабарлады.
Укук коргоочунун киши колдуу болуусун Евробиримдиктин учурдагы төрагасы, Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт да айыптады.
Кошмо Штаттар болсо бул окуяга “терең кайгыруусун” билдирип, Москваны “мыйзамсыздык жана жазасыздык менен келише албасын көргөзүү” үчүн бул кылмышка жоопкерди табууга чакырды.
Эстемирова Орусиядагы дипломаттар менен адам укугун коргоочулар арасында абдан белгилүү эле. Ал 2007-жылы кезинде өзүнүн жакын курбусу катары эсептеген маркум журналист Анна Политковская атындагы сыйлыктын алгачкы лауреаты болгон. Чеченстан боюнча бир топ макалаларды жазган Политковскаяны 2006-жылы Москвада өз үйүнүн жанынан атып кетишкен.
"Мемориал" уюмунун билдиргенине караганда, Эстемирова адам уурдоолор, өлтүрүүлөр боюнча иликтөөлөрүнөн улам Чеченстанда жашыруун эскертүүлөрдү алган учурлары болгон.