Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

Тегеранда британ элчилигинде сегиз кызматкер камалды


Аятолла Али Хаменеи шайлоого байланыштуу жаатташкан тараптарды ынтымакка чакырды.
Аятолла Али Хаменеи шайлоого байланыштуу жаатташкан тараптарды ынтымакка чакырды.

Тегерандагы британ элчилигинде иштеген жергиликтүү сегиз кызматкер камалды. Бийликтер алардын баарын жакындагы тополоңдордо чечүүчү рол ойногон деп эсептешет. Лондон өкмөтү бул айыптарды четке кагып, кармалгандарды бошотууну талап кылды.

Камалгандар мыйзамсыз кандай аракеттерди жасашканын иран бийликтери конкреттештирген жок. Жергиликтүү маалымат каражаттары таркаткан кабарда болгону "алардын баары жакындагы тополоңдордо маанилүү рол ойногону үчүн кармалганы" гана айтылат.

Камакка алынгандар британ жарандары эмес, элчиликте иштеген жергиликтүү тургундар.

Британ тышкы иштер министри Дэвид Милибанд бул окуяны "таптакыр жол берилгис опуза жана мазактоо" катары баалап, "Тегерандагы демонстрациялардын артында британ элчилиги турат деген идеянын эч кандай негизи жоктугун" белгиледи.

Кармалгандардын баарын бошотууну талап кылып, Милибанд британ тарабы "алардын баарын аман-соо көргүсү келет" деп билдирди.
Байкоочулар бул окуя эки тараптын мамилелерин дагы курчутарын айтып жатышат. Өткөн аптада Тегеран британдык эки дипломатты Ирандан чыгарып жиберген эле. Лондон буга ошондой эле жол менен жооп берген.

Соңку маалыматтарга караганда Тегерандагы кагылыштарда баары болуп 20дан ашуун киши набыт болду. Жарадар болгондор канча экени белгисиз.

Жекшемби күнү Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи калкты кайрадан улуттук ынтымакка чакырды. "Эки тарапка айтар кеңешим: өзүңөр тараптагы жаштардын бүйүрүн козутпагыла. Адамдарды бир бирине каршы тукурбагыла",-деп айтты Хаменеи.

Сакчылар кеңеши шайлоонун жыйынтыктары боюнча өзүнүн ырасмий корутундусун дүйшөмбү күнү жарыялашы керек эле. Бирок бул иш дагы беш күнгө узарышы ыктымал.

Кеңештин мүчөлөрү мурдагы талапкерлердин көзүнчө жалпы добуштардын он процентин кайра санап чыгууну сунуш кылды. Муну оппозициянын лидери Мир Хоссейн Мусави кабыл алган жок. Экинчи бир талапкер Мехди Карруби эгер көз карандысыз комиссия түзүлө турган болсо, ага өз өкүлүн жибергенге макул болду.

Мусавиге, ошондой эле анын шайлоо штабында иштегендерге жеке жумуштарына байланыштуу өлкөдөн башка жактарга кеткенге бийликтер тыюу салды.

XS
SM
MD
LG