Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Өзгөндө жок кылынган жоочулар жашынган үйдөн кыйла курал табылды


Өзгөн районунун Кош-Коргон айылында кечээ болгон ок атышуу учурунда үч жоочу өлтүрүлдү. Жергиликтүү жашоочулар арасында дагы эки жоочу качып кеткени айтылып жатканы менен андай маалыматты күч органдары төгүнгө чыгарышууда. Бул тууралуу окуя болгон жерге барган «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Жанар Акаевге маалым болду. Алдын ала маалыматтарга ылайык, бул жоочулардын бир канча күн мурда Жалал-Абад шаарында жок кылынган куралдуу топ менен байланышы болгон жана булар да «Өзбекстандын ислам кыймылынын» мүчөлөрү болушу толук ыктымал.

Кош-Коргон айылындагы ок атышуу кечээ кечки саат жетилер чамасында башталып, таңга жуук гана аяктады. Атайын даярдыктагы жоокерлер арасынан жоготуу болгон жок. «Азаттыктын» кабарчысы окуя болгон жерден билдиргендей, куралчан топ жашынган үйдөн төрт граната, эки «Макаров» маркасындагы тапанча, ок-дарылар жана ондон ашуун уюлдук телефондор табылган.

Ошол эле ок атышуу болгон үйдөн ок жеп өлгөн бир жоочунун аялы эки баласы менен колго түшүрүлгөн. Атын атагысы келбеген ал аял «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, Өзбекстандын Анжиян облусундагы Ханабат шаарынан келишкенин, күйөөсүнүн жанында куралдар болгонунан кабары жоктугун билдирди. Иликтөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу күч органдары азырынча кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартышууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG