Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Кабулда Хамид Карзайды жактаган жыйын болду


Ооганстандын байтакты шаары Кабулдун чордонунда бүгүн он миңдеген киши чогулуп, ооган президенти Хамид Карзайга колдоосун билдиришти. 20-августка белгиленген президенттик шайлоо алдында ооган лидерине колдоо билдирүү үчүн стадионго 30 миңге жакын киши чогулганын Карзайдын шайлоо өнөктүгүнөн кабарлашты. Карзайдын Батыш өлкөлөрү колдогон өкмөтү үчүн бул шайлоо олуттуу сыноо болмокчу. АКШ бул өлкөдөгү жана Пакистандагы коопсуздук кырдаалын чыңдоону өзүнүн тышкы саясатынын күн тартибинин башкы бөлүгү деп жарыялаган. Үстүбүздөгү жай мезгилинде расмий Вашингтон Ооганстанга улам кошумча аскер күчүн жиберүүдө.

XS
SM
MD
LG