ЕККУ өз билдирүүсүндө келерки жылы өзү ушул уюмда төрагалык кылуучу Казакстандын жаңы мыйзамын сынга алуу менен аны “маалымат каражаттарын башкарууну демократиялаштыруудан артка чегинген кадам” катары баалаган.
Казак парламенти акыркы окуудан мурдагы күнү кабыл алган мыйзамга боюнча соттор эми мыйзамды бузду деп эсептелген интернет сайттарды, анын ичинде чет өлкөлүктөрүн да жабууга мүмкүнчүлүк алат. Мыйзамга ылайык интернет жана анын бардык ресурстары кадимки маалымат каражаттарына теңештирилет. Бул интернеттеги комментарийлердин авторлору да салттуу маалымат каражаттарынын журналисттери сыяктуу эле кылмыш жана административдик жоопкерчиликти тартат дегенди билдирет.
Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, документ балдар порнографиясынын, экстремисттик маанайдагы жана башка мыйзамсыз материалдардын жайылтылышын токтотууга багытталган. Ал эми медиа уюмдардын активисттери мыйзам бийликти интернетте сындалышын чектөөнү көздөйт деп эсептешет.