Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:09

“Кыргызтелекомду” менчиктештирүү соттук териштирүү менен коштолууда


Кыргызстандын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети “Кыргызтелекомдун” 77.84% акциясын саттыка коюп, өткөн жылы тендер өткөрүлгөн. Тендердин биринчи бөлүгүндө күрөштү "Казактелеком" жана кыргызстандык "ЭлКат Инвест", курамына казакстандык "Инвестициялык компания K.S.D.", кипрдик Nimisco Holding Co. Limited компаниясы жана кыргызстандык "Ала-Тоо Кени" кирген консорциум, ошондой эле курамына кыргызстандык "Телеком Инвест", "КыргызКредитБанк", "БиМоКом Лтд." жана Ermen-Too Resources компаниялары кирген консорциум күрөш жүргүзүүдө. Бул консорциумдардын бирөөсү тендер жүргүзүүдө мыйзам бузулду деп Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетти сотко берген. Учурда соттук териштирүү Бишкектеги райондор аралык сотто жүрүп жатат. Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин статс катчысы Сүйөркул Бакиров билдирди. Комитет учурда ошондой эле “Түндүкэлектро” жана “Бишкекжылуулуктармактар” ишканасын менчиктештирүү боюнча инвесторлордон арыздарды кабы алып жатат. Арыздарды алуунуна кыркы күнү 7-июлга белгиленген. (AiT)

XS
SM
MD
LG