НАТОго мүчө жана ага өнөктөш өлкөлөр катышуучу коопсуздук форуму ушуну менен үчүнчү ирээт уюштурулууда. Астанадагы жыйынга НАТОнун кызмат мөөнөтү аяктап жаткан башкатчысы Яаап де Хооп Схеффер төрагалык кылып, анда Ооганстандагы, Борбор Азиядагы, Кавказдагы кырдаалга жана энергия маселелерине көңүл бурулары күтүлүүдө.
Евроатлантикалык өнөктөштүк кеңешине НАТОго мүчө 28 жана ага өнөктөш 22 өлкө кирет.
Евроатлантикалык өнөктөштүк кеңешине НАТОго мүчө 28 жана ага өнөктөш 22 өлкө кирет.