Мындай чечимин социал-демократчы депутат бүгүн ЖК төрагасынын Координациялык кеңешинде билдирди. Жусупжан Жээнбеков депутаттык мандатын тапшыруу менен бирге Социал-демократтар партиясынын катарынан да чыгарын маалымдады. Ал бул кадамга барышына уулунун дайынсыз жок болуп жатканы себеп болуп жаткандыгын айтып, уулун издөө үчүн саясий ишмердүүлүктү убактылуу токтоторун кошумчалады. Анын айтуусунда социал-демократтар партиясынын катарына ал мурда жетектеген “Мекен биримдиги” партиясынын 10 миңден ашуун мүчөсү кошо кирген: “20-июнда аталган партиянын саясий кеңеши менен сүйлөшкөн соң, мен Социал-демократтар партиясынан кетүүнү чечтим,” деп айтты Жусуп Жээнбеков.
Социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимов партиялашынын бул чечими менен тааныш эместигин “Азаттыкка” билдирип, бүгүн Жусуп Жээнбеков менен көзмө-көз жолугушарын кошумчалады. (ZKo)
Социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимов партиялашынын бул чечими менен тааныш эместигин “Азаттыкка” билдирип, бүгүн Жусуп Жээнбеков менен көзмө-көз жолугушарын кошумчалады. (ZKo)