Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Иран оппозициясы нааразылык акцияларын улантканы жатат


Президенттикке талапкер Мир Хоссейин Мусавинин тарапкерлери, Тегеран, 16-июнь, 2009-жыл
Президенттикке талапкер Мир Хоссейин Мусавинин тарапкерлери, Тегеран, 16-июнь, 2009-жыл

Тегеранда жана Ирандын башка ири шаарларында нааразылык акциялары бүгүн да уланаары күтүлүүдө. Өлкөнүн Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи добуштардын айрымдарын кайра санап чыгууну колдоду. Бирок режимдин оппоненттери жума күнкү президенттик шайлоонун жыйынтыктары одоно бурмаланганын ырастап, шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылышууда. Бийлик чет өлкөлүк журналисттерге кеңселеринен чыгып, нааразылык иш-чараларын чагылдырууга тыюу салды.

Ирандын мурдагы өкмөт башчысы, президенттик жарышта утулуп калган Мир Хоссейин Мусавинин колдоочулары шайлоонун жыйынтыктарына нааразылыгын билдирип, 5-күн катары менен Тегерандын көчөлөрүнө чыкканы жатышат. Кечээ алар баш калаада тынч жүрүш уюштурушкан.

Шайлоонун жеңүүчүсү деп расмий жарыяланган президент Махмуд Ахмадинежаддын тарапкерлери да ошол эле күнү шаардын башка жеринде топтолуп, мусавичилердин акциясынан айырмаланып, алардын демонстрациясы мамлекеттик маалымат каражаттары тарабынан чагылдырылды.

Мусавинин колдоочулары өлкөнүн сыртына жебире алган сүрөт, видеотасмаларда миңдеген адамдын “Менин добушум кана?”, “Мен Мусави деп жазгам, ал Ахмадинежад болуп чыкты” деген плакаттарды тынч көтөрүп турушканын көрсө болот.

Чет өлкөлүк журналисттерге мусавичилердин нааразылык иш-чараларын чагылдырууга тыюу салынды. Жергиликтүү байистүү маалымат каражаттары катуу цензурага алынды. Буга карабай, активисттерден, демонстранттардын өздөрүнөн маалыматтар келип түшүүдө.

Алардын кабарлоосуна караганда, президентчил Басижи күчтөрү Тегеран, Исфахан жана Мазандарандагы студенттердин жатаканаларына 2 күн катары менен чабуул коюшту. Апта башында Тегеран университетинин жатаканасына болгон кол салуудан, айрым кабарларга караганда, 5 студент каза болуп, бир канчасы жараат алды. Студенттер арасында Мусави жана дагы бир реформачыл талапкер Мехди Каррубини колдогондор көп болчу.

Президент Махмуд Ахмадинежаддын жума күнкү шайлоодогу жеңиши расмий жарыялангандан кийин Иранда 1979-жылкы революциядан кийинки эң ири толкундоолор тутанган эле.

Өкмөт аларга репрессиялар менен жооп кайтарды. Реформачыл саясатчылардын, шайлоонун жыйынтыктарына күмөн саноолорун билдирген адамдардын бир нечеси камакка алынды.

Шайлоону “табышмак” деп сүрөттөгөн талапкер Мусави колдоочуларына кайрылып, толкундоолор учурунда курман болгондорго тилектештик билдирүү үчүн бейшембиде тынч демонстрация өткөрүп же мечиттерде чогулууга үндөдү. Ал өзү да ошондой акцияга катышаарын айтты.

Бул аралыкта айрым маалымат агенттиктери кабарлаганына ылайык, Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи тараптарды кырдаалдын оорлошуна алып келчү кадамдарды алдын алууга чакырды. Хаменеи ошондой эле Сакчылар кеңешинин кээ бир талаштуу добуштарды кайра санап чыгуу сунушун колдоду.

Арийне, кээ бир маалыматтарга караганда, Мусавинин тарапкерлери ага макул болбой турганын айтып, шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG