БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин Кочкор-Атадагы шайлоо штабынын башчысы Канат Эрбаевдин үйүнө түнкү саат экиде келген бейтааныш киши келип, Атамбаевдин шайлоо штабын жабууну талап кылган. Мындай маалымат К. Эрбаевдин өзүнөн алынды. Сураганда аты-жөнүн айтпай койгон адам талап аткарылбаса 2- 3 күндөн кийин жакшылык күтпөөсүн эскерткен. Дагы башка эки киши жана эки автоунаа Эрбаевдин үйүнүн алдында токтоп турган. Ал жыйынтык чыгаарына ишенбегендиктен эч кайда арызданбаганын билдирди. «Кечээ 50- 60 адам катышуусунда президенттик шайлоо тууралу жыйын курганбыз. Анда эркин гезиттер да таркатылган. Коркутуу ошо окуяга байланыштуу болду окшойт», - деп түкшүмөлдөйт К. Эрбаев. (YA)