Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны болуп, анда Бириккен Элдик Кыймыл тараптан президенттике бирдиктүү талапкер болуп көрсөтүлгөн Алмазбек Атамбаевди каттоо маселесин каралып, анын жыйынтыгында Атамбаевге президентке талапкер күбөлүгү тапшырылды. БШКнын төрагасы Дамир Лисовскийдин айтымында, учурда БШКа президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген Нурлан Мотуев жана Токтайым Үмөталиеванын документтерин жана топтогон колдорун текшерип жатат жана аларды каттоо маселеси жакынкы күндөрү каралат.(AiT)