Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

НАЗАРАЛИЕВ Жеңишбек Болсунбекович



"Доктор Назаралиевдин медициналык борборунун" президенти.

1961-жылдын 8-майында Чүй облусунун Кемин районунда туулган. Улуту кыргыз.

В 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун бүтүргөн. Жүзгө жакын илимий иштердин автору. Медицина илимдеринин доктору. Наркология жаатындагы белгилүү дарыгерлердин бири. Ал 1991-жылы Бишкекте наркология боюнча борборду уюштуруп, кийин ал Доктор Назаралиевдин медициналык борборуна айланган. Жеңишбек Назаралиев учурда аталган борбордун президенти.

Жеңишбек Назаралиев 2005-жылдын биринчи жарымында ошол кездеги президент Аскар Акаевди катуу сындап чыгып, ошол жылдын 24-мартында өлкөдө бийлик алмашуусуна алып келген жүрүштөрдү уюштургандардын бири болгон. Ал 2005-жылкы президенттик шайлоодо да талапкерлигин коюп, бирок шайлоого чейин эле өз ыктыяры менен талапкерлигин алып салган.

Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы.

XS
SM
MD
LG