Төрт талапкер, анын ичинде азыркы президент Махмуд Ахмединежад ат салышууда. Негизги таймаш Ахмединежад менен сабырдуу реформатор саналган экс-премер Мир Хосейин Мусавинин ортосунда болот деп күтүлүүдө. Шайлоо комиссиясы шайлоочулар жабыла келип, кезекке туруп добуш берип жатышканын билдирүүдө.