29-июнда Грузиянын чек арасынын жанында болжол менен 8 жарым миңге жакын орусиялык жоокерлер аскердик машыгууларга катышат. Машыгуулар 6-июлга чейин өткөрүлө турганын Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлады. “Кавказ-2009” деп аталган машыгуулар өткөн айда НАТОнун Грузиядагы аскердик машыгууларына жооп катары уюштурулуп жатат. Май айында өткөн НАТОнун машыгууларына 1 миң 100дөй аскер катышып, Орусия өз чек арасына жакын жерде өткөрүлгөн машыгууну кутум катары баалап, ага каршылыгын билдирген.