Пандемия, же жугуштуу Аш1Эн1 вирусунун дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүндө жайылганы тууралуу кабарлар Австралияда чочко тумоосун жуктургандардын саны 4 эсе көбөйүп, 1200 адамдан ашкандан кийин тарады. Женевадагы жыйында жаңы вирустун пандемиясы тууралуу жарыяланса, дүйнөдөгү медициналык мекемелер тийиштүү аракет көрүп, ооруну алдын-алып, бейтаптарды дарылоого кам көрүшү керек.