Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:13

Барак Обаманын катына кандай жооп берилээри туурасында сөз кылуу эрте


Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаевдин айтымында, Барак Обаманын катына жооп берүүдө эң негизгиси өлкөнүн улуттук кызыкчылыктары жана акыркы мезгилдеги Пакистан менен Ооганстандагы абал эске алынат. Катка жоопту даярдоо иштери башка министрлик, ведомстволор менен биргеликте жакында башталат. Министр Барак Обаманын катында эки тараптуу кыргыз-америкалык мамилелерге байланыштуу маселелер козголгондугун белгилеп, “Манас” авиабасы боюнча келишимдерди денонсациялоо боюнча чечимдер күчүндө кала берерин белгиледи. Министр ошондой эле бул маселе жакынкы күндөрдө боло турган Жамааттык коопсуздук келишиминин жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммиттеринде каралбай тургандыгын кошумчалады. (AzK)

XS
SM
MD
LG