Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:32

Өлкө башчысы К.Бакиев АКШ президенти Барак Обамадан кат алды


Бүгүн президент Курманбек Бакиев Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаевди кабыл алды. Тышкы иштер министри элчилик байланыштар аркылуу алынган АКШнын президенти Барак Обама жолдогон катты мамлекет башчыга тапшырды. Кадырбек Сарбаев белгилегендей, АКШ президенти Барак Обама катта Ооганстандагы кырдаалды турукташтыруу жана эл аралык террорчулук, маң заттарына каршы күрөштү арттыргандыгы үчүн Кыргызстан элине жана жетекчилерине ыраазылыгын билдирген. Ошондой эле АКШнын жетекчиси кыргыз-америка кызматташуусунун эки тараптуу өнүгүүсүнө жогору баа берип, инвестиция жаатында, социалдык-экономикалык долбоорлор боюнча кызматташуу чыңдаларына үмүт артарын билдирген. Барак Обама өзүнүн администрациясындагы жогорку кызматтагы чиновниктерден турган делегацияны жакын арада Кыргызстанга жиберүү ниети бар экендигин белгилеген. (AJ)

XS
SM
MD
LG