Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:43

Орус президенти глобалдык экономика “эң жаман сценарийден” кача алды деп эсептейт


Дмитрий Медведев бул тууралуу бүгүн Санкт-Петербургда экономикалык форумдун ачылышындагы сөзүндө айтты. Бирок Медведев белгилегендей, глобалдык экономика “эң жаман сценарийден кача алганы” менен ал кайра жандана баштаганын майрамдоого азырынча абдан эле эртелик кылат. Орус президентинин айтымында, ошондой эле экономиканын айрым секторлоруна мамлекеттин ээлик кылуусунан качууга болбойт, бирок бул көйгөйдү чечүүнүн кыска мөөнөткө гана эсептелген жолу.

Орусия азыр акыркы он жыл ичиндеги эң ири экономикалык төмөндөөнү баштан кечирүүдө. Өлкөнүн эң башкы кирешеси катары эсептелген мунай баасынын арзандоосун коштой улуттук акча - рубль нарксызданды, Орусиядан капитал сыртка кете баштады.

XS
SM
MD
LG