Мамлекеттик тил комиссиясынын 7 мүчөсү Ж.Назаралиевди эреже боюнча кыргыз тилден биринчи, экинчи тапшырманы билет, үчүнчү тапшырма көркөм окуудан билбейт деген баасын беришип, жыйынтыгында комиссиянын толук курамы аны кыргыз тилин билет деген чечимин чыгарды. Ж.Назаралиев 2005-жылы президенттик кызматка талапкерлигин көрсөтүп, кыргыз тил сынагынан өтпөй калган. (AJ)