Эл аралык уюмдар Кыргызстандагы сот системасын жана укук коргоо органдарын реформалоо боюнча каражат бөлүп, укук коргоо системасын эл үчүн иштетүүгө аракет кылып жатканы белгиленген. Бирок ал берилген жардамдар жарандардын коопсуздугу, демократиянын өнүгүүсү үчүн колдонулбай элдин эркин жана укугун басмырлоого багытталып жатканы айтылат. 31-майда Ысык-Көл облусунда Конституцияга ылайык тынч митинг өткөрүүнү болжошкон оппозиция менен жарандык коомдун өкүлдөрүнө карата укук коргоо органдары мыйзамды одоно бузуп, атуулдардын укугун тебелегени жазылган. “Эгерде Кыргызстандын бийлиги адам укуктарын сактабаса, биз эл аралык уюмдардан жана донорлордон республика менен болгон мамилесин өзгөртүүнү талап кылабыз”, деп айтылат кайрылууда. (AJ)