Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Өзбек чек арачылары кыргыз аскерлерин 6 сааттай барымтада кармады


Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерлерин өзбек тарап барымтага алуусу боюнча маалыматтар такталганын Баткен облустук бийлигинин маалымат кызматынан бүгүн “Азаттыкка” тастыкташты.

Маалыматка караганда, кечээ (2-июнь) эртең мененки саат он бирлер чамасында Кадамжай районунун аймагынан өтүп бараткан Баткен чек ара бөлүгүнө тамак-аш тартып келе жаткан жүк ташуучу автоунааны өзбек чек арачылары Кыргызстандын аймагынан эле токтотуп, Өзбекстан тарапка тартып кирип кетишкен. Ошол эле учурда өзбек тарап эч себебин айтпастан Сох анклавына кирүүчү жолдордун баарын жаап салышкан.

Ошол эле күнү ага чейин кыргыз чек арачылары 2 өзбек чек арачысын чек арадан мыйзамсыз өттү деген жүйөө менен кармап алган. Бул окуядан соң өзбек чек арачылары Баткен чек ара бөлүгүнө тамак-аш тартып бараткан автоунааны аскерлер менен кошо барымтага алып, кармалган өзбек чек арачыларын бошотуу талабын койгон. Сүйлөшүүлөрдөн соң ошол эле күнү кечки саат бештерде барымтадагы кыргыз аскерлери бошотулган. Маселе кыргыз тарап кармалган өзбек чек арачыларын бошотууга макул болгондон кийин чечилген. Бул окуядан улам Баткен чек ара бөлүгүнүн жоокерлери кечки тамаксыз калганы кабарланууда. Сох анклавындагы өзбек чек ара бекеттери болсо бүгүн эртең менен гана ачылган.

Облустук бийликтин маалымат кызматынан ошондой эле өзбек тараптын бул аракети мыйзамсыз болгонун, учурда бул окуя боюнча өлкөнүн тышкы иштер министрлигине жана Өзбекстандын Фергана облустук бийлигине кайрылуу даярдалып жатканын билдиришти.(JsA)

XS
SM
MD
LG