Мындай маалыматты коңшу Түштүк Кореянын парламент депутаты жана эки газетасы таратышты. Бирок өлкөнүн чалгын кызматы аны ырастоодон же четке кагуудан баш тартышты. Кабарларга караганда, Ким Чен Ир мураскерликке тандаган кичүү уулу Ким Чен Ундун курагы жыйырманын ортосунда. Эң жогорку бийликтин мураскери аныкталгандыгы тууралуу кат Түндүк Кореянын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө 25-майдагы өзөктүк сыноонун соңунан жөнөтүлүп, дипломаттарга жаңы лидерге берилгендикти көргөзүү керектиги айтылган.
Түндүк Кореянын азыркы жолбашчысынын ордун ким басары жөнүндөгү жоромолдор эл аралык басма сөздө былтыр Ким Чен Ир инсульт болду деген маалыматтардан кийин айтыла баштаган эле.
Бул аралыкта Түштүк Кореянын Yonhap кабар агенттиги Пхеньян орто аралыкка учуп, Түштүк Корея менен Жапониянын көпчүлүк аймагына сокку ура алуучу ракетасын сыноого даярдык көрүп жатканы тууралуу кабарлады. Быйыл 25-майда өзөктүк сыноо өткөргөнүнө коштой кыска аралыкка уча алуучу ракеталарынан да бир нечени сынаган. Түштүк жана Түндүк Кореянын мамилесиндеги чыңалуунун деңгээли соңку кездери 1950-53-жылкы согуштан берки эң жогорку чекке көтөрүлдү.