Тышкы иштер министрлиги эгер БУУнун Коопсуздук кеңеши санкция киргизүүнү чечсе, өлкө өзүн коргоо үчүн кошумча чара көрүүдөн башка айласы калбай тургандыгын билдирди. Кечээ Түндүк Корея 1953-жылы Корея согушун токтоткон элдешүү келишимин четке каккандан кийин, АКШ менен Түштүк Корея аскерлерин акыркы төрт жылдан берки эң жогорку чукул даярдык абалына келтирди.