Ушул жыл башынан бери прокуратура чет өлкөлүк кредитттерди пайдалануу боюнча эки жүздөн ашык текшерүү жүргүзүп, 14 эскертүү, 222 кемтикти жоюу талабын, эки жүз элүүгө жакын мыйзамды эске алууга милдеттендирген билдирүүсүн жазган. Анын негизинде 85 кылмыш ишин козгоп, казынага 25 миллион сомду кайтарган. Текшерүү өлкөдө кредитти максатсыз пайдалануу, жалган маалыматтарды берүү жана документтерди жасалмалоо күч экендигин көрсөттү. (BD)