Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:51

Пакистандагы согуштан түмөндөгөн эл үрктү


Пакистандык аскерлер Банай Баба Зиярат тоосундагы оңүттө.22-май 2009
Пакистандык аскерлер Банай Баба Зиярат тоосундагы оңүттө.22-май 2009

Пакистан армиясынын талиптерге каршы cогушу өлкөнүн түндүк батышынан эсепсиз элди көчүрүп, өкмөттүн гуманитардык кризиске каршын аракетин текке кетирчүдөй болууда. Өкмөт тиккен 15 чатыр лагерь 1, 7 миллиондой качкындын бир уучуна гана паанек берди. Көптөгөн бозгундарга туугандары баш калканч берсе, башкалардын кайдан түнөн табаары белгисиз.

58-жаштагы Рахман беш кызы үч уулу, аялы жана оорукчан ата-энеси менен уруш жүрүп жаткан Сват өрөөнүндөгү там-жайын, ошондой эле мөмө-жемиш саткан күркөсүн таштап качкан. Рахман киндик каны тамган Куазекела кыштагында көргөндөрүн мындай сүрөттөйт:

Качкын кыз Свабидеги бозгундар лагеринде. 25-май 2009
- Шарт ушунчалык жаман болгондуктан, досту душмандан ажыратуу кыйын болду. Бир жагынан бизди талиптер аткылап жатышты. Экинчи жактан аскерлер үйүңөрдү таштап кеткиле деп айтышты. Алардын
Акыркы беш жылда согуш 3 миллион пакистандыкты жер котортту. Анын 1, 7 миллиону Сваттагы согуштун айынан качкындар. Маалыматтар боюнча, бардык качкындардын 90 проценти пуштундар.
бомбалоосунан бейкүнөө адамдарга катар талиптер да өлүп жатты. Өкмөттүк күчтөр талиптерди курчоого алып талкалоо үчүн акыр аягында бизге региондон чыгып кеткиле деп буйрушту.

Рахмандын үй-бүлөсү тоолуу Малаканд регионунун батышындагы Сват, Төмөнкү Дир жана Бунер аймактарынан качкан башка бозгундар сыяктуу Мардан шаарчасындагы лагеринде турушат. Тамак-аш сурап жалбарган качкындар малдарын кароосуз, эгиндерин оруусуз, ал эми оорукчандар менен кары-картаңдарды“бешенге жазганы” деп аргасыз ташташкан. Орто курактагы Ебадул Хак 350 калктуу Мардандан:

-Биз көп жапа чектик. Бирок, кеткибиз келбейт. Түндө көптөгөн жардырууларды угуп, келаткан ракеталарды көргөндөн кийин дүрбөп, аялдарыбыз жана балдарыбыз менен бирге качтык.

Ебадул Хак Пакистандын Түндүк Батыш Чек ара провинциясындагы 26 лагерге жайгашкан 200 миң адамдын бири. Алардын ичинен 15 лагерди өкмөт орноткон.
Савбидеги качкындар лагеринде тамакка кезек күтүү. 17-май 2009
Акыркы беш жылда сошутан улам 3 миллиондой пакистандык жер которгон. Анын ичинен 1, 7 миллион чамалуу адам Сваттагы согуштан улам там-мүлкүн таштап качкандар. Маалыматтар боюнча, качкындардын 90 проценти пуштундар.

Рахмандын үй-бөлсүнүн Карачиге кол киреге каржаты жетпей, кызынын сөйкө-шакектерин саткан. Жолдо көргөн кордуктар жөнүндө Рахман мындай дейт:

-Алар биздин унаабызды токтотушуп, силер пуштун экенсиңер, ошого Карачиге бара албайсыңар дешти. “Силер талипсиңер, силер террорчусуңар”, деп айтышты бизге. Бала-чакаларыбыз менен чогуу келатсак, кантип террорчу болобуз? Биз түшкөн машинелерди тинтикиле, бычак тапчу болсоңор эле алгыла десек, алар “Силер эч жакка бара албайсыңар. Башчыларыбыз силерди токтоткула деп айтышкан” дешти. Куралчандар бизди ээн токойдун ортосунда токтоткондуктан, биз аябай корктук.

Пакистандын эң чоң шаары Карачиде пуштун качкындарга жергиликтүү 3 миллиондуу пуштун жамааты жардамдашууда. Рахмандын үй-бөлүсү да пуштун жамааты ижарага алып берген батирде турушат.

“Ач кадырын ток билбейт” дегендей 25-майда Синд провинциясынын төрт округунда, анын ичинде Карачиде синди партиялары пуштун качкындардын келүүсүнө каршы иш таштоо уюштурушту. 22-майда да алар уюштурган нааразылык чарасынан улам провинцияда бизнес токтогон эле.

XS
SM
MD
LG