Кабарларга караганда, оор салгылаш карапайым адамдарга качууга жолун бөгөп жатат. БУУнун качкындар агенттиги жүз миңдеген киши согуш аймагынан качып, дагы жүз миңдеген адамдар жолдо экендигин эскертүүдө. Пакистан армиясы түндүк-батыштагы Сват өрөөнүндө талибдерди жок кылуу максатында «толук масштабдуу» операция баштаганын жарыялаган. Армия 4-5 миңдей талиб менен согуштун мезгилинде кечээге чейин 140 талиб, жети коопсуздук кызматкери окко учканын блдирген. Талибдердин арасында Ооганстан менен чек арадан өтүп келген тажик, өзбектер да бар деп болжолдонууда.