Бул максатта Мамлекеттик тил мыйзамына өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоору иштелүүдө. Бул тууралуу Коммунисттер фракциясынын башчысы Исхак Масалиев “Азаттыкка” билдирди. Демилгечи депутаттар тобунун башында турган коммунист-депутаттын билдиргенине караганда долбоор тил сынагынан жарандарды өткөрүүнү туруктуу жараянга айландырып, билим деңгээлин сертификат аркылуу бышыктоо максатын көздөйт. Президенттикке талапкер болууну каалаган адам сынактан өткөндүгүн бышыктаган документин БШКга кошо тиркөө аркылуу мамлекеттик тилди билер-билбесин адлилдей алат дейт Масалиев. Анын айтымында долбоор күздө парламенттин талкуусуна коюлушу ыктымал. (BuS)