Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси, алтымыш үч жаштагы Аун Сан Су Чиге үй камагында отуруунун шарттарын бузган деген айып коюлган. Мьянманын бийликтери бул үчүн акыркы он тогуз жылдан бери үй камагында отурган оппозиция лидерине Кошмо Штаттардын жараны белгисиз себептер менен келип кетишин жүйөө кылууда. Жергиликтүү мыйзамдарга ылайык, Аун Сан Су Чи эми беш жылга чейин эркинен ажыратылуусу мүмкүн. Анын үй камагында отуруусунун соңку мөөнөтү ушул айдын соңунда аяктамак. Адам укугун коргоочу уюмдар менен батыш өлкөлөрү Мьянманын аскерий режимин жасалма айыпты ал өзү келерки жылы көп партиялык негизде өткөрүүнү убада кылынган шайлоо алдында оппозиция лидерин камакта кармоо максатында пайдаланып жатканы үчүн айыптады.