Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:54

Барыктабасовдун соту бүгүн кайра уланат


Бишкектеги Биринчи май райондук соту 26-апрелдеги жараянды жактоочулардын жоктугуна байланыштуу бүгүнкүгө жылдырган. Жогорку Соттун басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, соттук отурумдун катышуучулары толук келсе, “Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасов жетектеген он беш адамга карата сот өкүмү чыгып калышы мүмкүн. 14-апрелде болгон соттук териштирүүдө мамлекеттик айыптоочу Барыктабасовду 12 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратууну суранган. Жактоочулар болсо, күнөөлөрдү тастыктаган далилдер жок экендигин айтып келишет.

“Мекен туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасов баштаган 15 адамды өткөн жылдын август айында “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген айып менен УКМК камакка алган. (КKs)

XS
SM
MD
LG