Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков жер байлыктарын пайдаланууга “Кумтөр голд компаниге” берилген үч лицензия боюнча өткөн жылы сотко кайрылган. Райондор аралык сот 2008-жылы 17-июнда Исабековдун лицензияларды кайра тартып алуу тууралуу арызын канааттандырган. Бирок Кыргыз өкмөтү менен “Центерра голд инк” компаниясы быйыл 24-апрелде жаңы келишимге жетишкенген байланыштуу Кубанычбек Исабеков арызын райондор аралык соттон чакырып алды.(AiT)