Партия лидеринин талапкерлиги бүгүнкү курултайдын катышуучулары тарабынан көрсөтүлдү. Бул тууралуу курултайга катышып отурган кабарчыбыз Аманбек Дилденбай кабарлады. Темир Сариев БЭКке мүчө саясий партиялардан президенттикке көрсөтүлүп жаткан 3-талапкер. Буга чейин оппозициялык кыймылдын курамындагы “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын Башкы катчысы Исмаил Исаков, Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмаз Атамбаев 23-июлда боло турган президенттик шайлоого талапкер болуп көрсөтүлүшкөн.(ZKo)