Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Кумтөр мындан ары Кыргызстандын мыйзамы менен иштей баштайт


Бул тууралуу канадалыктар менен сүйлөшүү жүргүзгөн өкмөттүк комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков билдирди. Анын айтымында, жаңы келишимде мүмкүн болушунча Кыргызстандын кызыкчылыгы корголду. “Центерра голд инк” компаниясы мындан ары Кыргызстан мыйзамы менен иштеп, бардык салыктарды төлөйт. Кыргызстан 2025-жылга чейин кеминде 3 миллиард 400 миллион доллар, эгерде бир унций алтындын баасы азыркыдай 900 доллардан ашып турса 5-6 миллиард доллар пайда көрөт. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Камеко корпорациясы “Центерранын” акцияларынын баасы 9 долларга чыккандан кийин сатып кетерин кошумчалады.(AiT)

XS
SM
MD
LG