Ооганстанда бир жыл аралыгында террорчулардын чабуулунан студент, окуучу жана мугалимдерди кошкондо 70 адам набыт болгон.Бул тууралуу Ооганстандын Билим берүү министрлиги билдирди. Министрликтин өкүлү Асиф Наңдын айтымында, террорчулардын окуу жайларга чабуулунун айынан өлкөнүн түштүк жана чыгыш аймактарындагы 240 миң чамалуу окуучу мектептерге барбай калышкан. Ошондой эле ал быйыл Ооганстандын ар кыл аймактарындагы 12 600 мектепте жети миллион окуучу билим алып жатканын билдирди. Алты жыл мурда талиптер бийликте турган маалда ооган мектептеринде бир миллионго жакын гана окуучу барып калган эле.