Пакистан армиясы бүгүн баш калаа Исламабаддан болгону 100 чакырым түндүк-батыштагы Даггар шаарын алганда 50 талибди өлтүрүп, бир аскеринен айрылгандыгын бышыктады. Армия бул аймактагы жекшембиден берки салгылаштарда козголоңчу деп шектелген 75 киши жана коопсуздук күчтөрүнүн 10 мүчөсү окко учкандыгын айтууда.