Орусиялык маалымат каражаттары Коргоо министрлигине шилтеме берип билдиргендей, Адмирал Пантелеев атындагы согуштук кеме деңиз каракчыларыныкы деп шектелген кайыкты кечээ басып алды. Андан жети Калашников мылтыгы, тапанчалар, башка жабдыктар табылган.