“Курманжан Датка” фондунун жетекчиси Жылдыз Жолдошеванын айтымында, комплекс Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында курулууда. Он беш гектар аянтты ээлеген бул комплекстин ичинде музей, мейманкана жана он бир белгилүү тарыхый инсандардын айкелдери тургузулат. Комлексти курууга 18 миллион доллар каражат сарпталат. Азырынча мамлекеттик бюджеттен курулушка 12 миллион сом бөлүнгөн. Ага демөөрчүлөр да жардам бермекчи. Комплекстин ачылышы 2011-жылга белгиленүүдө. (AzK)