ИИМдин тараткан маалыматына караганда кылмышты издөө башкармалыгы кылмышка шектүү деп Тоң районун Оттук айылынын тургунун Бишкектеги Горький-Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинен 12-апрелде кармады жана далилдерди тапты. Милиция кармалган шектүү адам менен кошо жүргөн дагы эки адамды аныктады.
Гезиттин редактору Улугбек Бабакулов менен кабарчы Елена Агееваны 26-мартта 20-25 жаштардагы үч жигит сабап, плащы, уюлдук телефону баштаган буюмдарын алып кетишкендиги мурда кабарланган. Жабырлануучулардын арыздарынын негизинде Октябрь райондук милициясы кылмыш ишин козгогон. (BuS)