Маалыматтарга караганда Бишкектеги христиан дининдеги бир катар агымдар католик, протестант, баптистер пасханы майрамдашып, адамдарды азезилдин кулчулуганан, күнөөдөн куткарган Ыйса машаяакка арналган жөрөлгөлөрдү өткөрүштү. «Пасха» грек тилинен (Pascha) куткаруучу деген маанини түшүндүрөт. Бул майрамды христиан дининдегилер эки миң жылдан бери майрамдап келатышат. Диний жазылмаларда, “Бул күнү Ыйса машаяк ашталган жыгачка керилип Голгофко чейин алып барылган. Ал жерден Ыйса өз каны менен ааламдын керегесин сүртүп, адамдардын күнөөсүн кеч деп кудайдан суранган”. Ыйса машаяк бул күнү кайра тирилген ыйык күн катары белгиленип келет. (AJ)