Ангела Меркел адегенде эле Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз шаарына барды. Ал жерде Германиянын 700 аскери турат. Бул - немец канцлеринин Ооганстанга 2007-жылдан бери биринчи ирээт келүүсү жана иш сапар коопсуздук жүйөөсүнөн улам күн мурунтан жарыяланган эмес. Германия Ооганстандагы аскерлеринин саны алдыдагы айларда азыркы 3800дөн 4400гө чыгарууну мерчемдеп жатат.