Бул тууралуу саясат таануучу Орозбек Молдалиев “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. Анын айтымында, шайлоо комиссиялары калыстык менен чечилип анын курамында оппозиция өкүлдөрү болбосо президенттик шайлоодо чатак чыгып кетиши мүмкүн. 27-мартта БЭК өткөргөн митингде бийликке БШКнын жана шайлоо комиссияларынын курамынын жарымын оппозиция өкүлдөрүнөн түзүү, күч органдарынын жетекчилерин БЭКтин сунушу менен дайындоо, саясий куугунтукту токтотуу талаптарын койгон.(AJ)