Жыйындын конок ээси – Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, конференция Ооганстанда террорчулукка жана наркоаткезчиликке каршы глобалдык аракеттерди жакшыртуусу керек. Шанхай Кызматташтык уюму демилгечи болгон конференцияга ШКУга мүчө өлкөлөрдөн тышкары Түркия,Иран дипломаттарын жиберди. Конференцияда Евробиримдик, НАТО жана АКШнын өкүлдөрү да болот. Жыйын Ооганстан боюнча БУУнун төрагалыгы астында келерки аптада Нидерландияда болуучу конференциянын алдында өтүүдө.