Уюмдун маалымдоосуна караганда, Израил Газа тилкесинде көп эл жашаган аймактарда ак фосфорду колдонуу менен согуш жүргүзүүнүн эрежелерин бузду. Укук коргоочулар Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылып, Израил жана ХАМАСтын аракеттерин иликтөөнү сунуштады. Израил ак фосфор эл аралык мыйзамдар чегинде колдонулганын билдирген.