Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Орусия Украинаны Европа менен түзгөн газ келишими үчүн жазалоодо


Москва Орусиядан экономикасын турукташтыруу үчүн 5 миллиард доллар насыя алуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жаткан Украина менен өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрүн токтото турууну чечти. Орус президенти Дмитрий Медведев бул кадамды Украинанын өзүнүн газ инфраструктурасын Евробиримдиктин жардамы менен модернизациялоо демилгесине байланыштырды. Медведев Коопсуздук кеңешинин кечээги жыйынында белгилегендей, ушул дүйшөмбү күнү Брюсселде жетишилген келишим “бир катар суроолорду” жаратууда. Ал эми Украинанын айтымында, Европа муктаж газдын бештен бир бөлүгүн өткөргөн куураларын капиталдык оңдоп –түзөөдөн өткөрүү Орусияга каршы багытталган эмес жана бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр Москва менен да өткөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG