Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

Ноокенде өзбектердин мыйзамсыз чегара тосмолору алынат


Мындай чечим кыргыз-өзбек чегара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынды. Ушул жылдын 12-мартында Ноокен районундагы чегара бекетине Өзбекстандын Наманган аймагы боюнча чегара комиссары чакырылган, бирок ал келүүдөн баш тарткан. Бул сүйлөшүүдө эки өлкө ортосундагы такташа элек жерге өзбектердин мыйзамсыз орнотуп алган чек ара тосмолорун алуу тууралуу сөз болмок. 16-марттын түнү өзбек тарап мыйзамсыз чегара тосмолорду кайрадан кура баштаган. Жалал-Абаттын Чегара отрядынын жетекчисинин чечими менен бул жерге ыкчам топ жөнөтүлгөн. Бир аздан соң Өзбекстандан Наманган аймагы боюнча чегара комиссары баштаган кырктай аскер кызматкери келген. Тараптардын талаштуу сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө өзбек тарап бул жер өздөрүнө тиешелүү экенин далилдөөгө аракет кылган, бирок тиешелүү документтерди көрсөтө алган эмес. Чегара кызматынын билдиришинче, сүйлөшүү соңунда чегара тосмолорду алуу, талаштуу жерди аныктоо боюнча жакында кайрадан жолугушуу өткөрүү, ага чейин тосмолорду орнотпоо тууралуу чечим кабыл алынды. (EBM)

XS
SM
MD
LG