Мурунку коргоо министри Исмаил Исаковго каршы козголгон кылмыш ишти териштирүүнү баштоого Бишкек Гарнизондук соту бүгүн түштөн кийин үчүнчү ирет чогулат. Буга чейин 10, 16-мартта сот Исмаил Исаковдун адвокаттарынын талабы менен кийинки мөөнөткө жылдырылган эле. Оппозиция лидерлеринин бири Исаковго Балыкчыдагы аскердик бөлүктө автоунаанын жоголушу боюнча, аскердик майрамдарды уюштурган деген айыптар коюлууда. Исаков өзү муну саясий куугунтук катары бааласа, бийлик аны четке кагып келатат.(AiT)