Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:48

Илхам Алиев референдумга жамынып "сулалени" чыңдоодо


Азербайжан: Бакудагы шайлоо бекетинде. 2009-жылдын 18-марты.
Азербайжан: Бакудагы шайлоо бекетинде. 2009-жылдын 18-марты.

Кечээ Азербайжанда өткөн референдумду оппозиция Алиевдердин саясий сулалесин бекемдөөнү көздөгөн айла-амал катары баалашты.

Венеция комиссиясы президенттик мөөнөткө катары менен 2 жолу гана шайланууга болот деген чектөө алынып салынса, анда Азербайжан демократияга карай жолунан тайган болот деп эскерткен болчу.

Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясы референдум өттү деп жарыялады.

БШКнын маалымдашынча, 18-марттагы референдумга шайлоочулардын 70 пайыздан ашууну катышкан.

Айрым көз каранды эмес байкоочулар референдум бурмалоолор менен өткөнү, бир шайлоо чөлкөмүнөн экинчисине шайлоочуларды автобус менен ташуу сыяктуу мыйзамсыз учурлар катталганы тууралуу маалымдашты.

Элдин добушуна коюлган негизги суроолордун бири – президенттин бул кызматка катары менен (удаа) эки жолу гана шайланууга укугу бар деген чектөөнү алып салуу.

Сынчылар өнөктүк Алиевдердин саясий сулалесинин (династиясынын) турумдарын бекемдөөнү көздөйт дешет.

Европа кеңешинин конституциялык маселелер боюнча органы – Венеция комиссиясы президенттик мөөнөткө ырааттуу 2 жолу шайлануу тууралуу чектөө алынып салса, анда Азербайжан демократияга карай жолунан тайган болот деп эскертти.

Мунайга бай Азербайжандын экономикасы соңку жылдары дүркүрөп өнүктү.

2003-2007-жылдары өлкөнүн ички дүң өнүмү (продукту) жылына орто эсеп менен 20 пайызга өсүп турду.

Бул жылдар учурда 47 жашта толукшуп турган Илхам Алиевдин бийлигине туура келди.

Баку шаарынын көпчүлүк тургундары Алиевге президенттикке эч чектөөсүз ат салышуу укугун бериш керек деген сунушту колдошоорун референдум алдында айтышкан.

Борбор Азия менен катар мурдагы советтик аймактын бул бөлүгүндө да президенттердин конституция аркылуу белгиленген мөөнөттөрүн узартуу практикасы кеңири жайылган.

Бирок Азербайжан өзүн Батыштын демократиялык шериги катары да көргөзгүсү келет.

Дүйшөмбүдө (16-мартта) Европа кеңешинин конституциялык маселелер боюнча органы – Венеция комиссиясы президенттик мөөнөткө киргизилген 2 жылдык чектөөнү алып салуу Азербайжандын демократия жолунан чегингенине барабар болот деп эскерткен.

Референдумга баш мыйзамдын 29 беренесине өзгөртүү киргизүү сунушу коюлган.

Эгерде шайлоочулар президенттикке шайланууга ар кандай чектөөнү алып салууну колдошсо, анда Илхам Алиев 2013-жылдан баштап мамлекет башчылыкка өмүр бою ат салыша алат.

Азербайжан оппозиция өкүлдөрү бул өнөктүктү Алиевдердин сулалесин болочокто да чыңдоого багытталган айла-амал деп кескин сынга алышты.

Мурдагы советтик КГБ ишмери катары да таанымал Гейдар Алиев (1923-2003) советтик Азербайжанды 1969-1982-жылдары жана 1993-2003-жылдары эгемендүү Азербайжанды башкарган.

Ал катуу ноокастап калганда, атасынын ордун уулу Илхам ээлеген.

Шаршембидеги референдумдун колдоочулары президентикке шайлоодогу конституциялык чектөөнү алып салуу өзгөчө азыркы учурда алкымдап турган экономикалык кризистин тушунда өлкөнү туруксуздуктан коргоп калат деп ишенишет.

Депутат Бахтияр Садигов - өкмөттүк "Азербайжан" гезитинин редактору жана бийликтеги "Йени Азербайжан" партиясынын мүчөсү:

- Азери коому саясий жактан жетилгендигин көргөзүп, шайлоо участкаларына барып, бардык алымча кошумчаларды окуп чыгышат жана ооба деп жооп беришет деп ишенем. Жана бурмалоо, нааразылык акцияларын болжолдоп жаткандарды сөздөрү бул ирет да чындыкка дал келбейт.

Конституциялык өзгөрүүлөр тууралуу сунуштардын арасында маалымат каражаттарына тиешелүү беренелер да бар.

Ал колдоо тапса, журналисттер алдын ала уруксаты болбосо кимдир бирөөнү сүрөткө же тасмага тарта алышпайт жана үнүн жаздыра алышпайт.

Бул – расмий Баку кол койгон Адам укуктар жөнүндөгү Европа конвенциясына караманча каршы келет.

Оппозициянын ырастоосунда, референдумга алынып чыккан ар бир маселе башкаруудагы элитанын колуна бийликти мындан ары да эбегейсиз зор өлчөмдө топтоону максат кылат:

Оппозициядагы Улуттук майдан партиясынын төрага орун басары Нуреддин Мамадли:

- Бул референдумду өткөрүү менен өкмөт так ишара берип жатат. Алар: "Биздин өзгөрүү ниетибиз жок. Биз силерди өзгөртүү аркылуу башкарабыз. Каалаганча пара алабыз, каалаган убакытта укуктарыңарды бузабыз, бул коомдо плюрализмге жана эркин сөзгө орун жок, бул чындыкты кабыл алышыңар керек", - деп айткылары келет. Бул - феодалдык система.

Референдумдун жыйынтыктары жакын арада расмий жарыяланмакчы.



XS
SM
MD
LG