АКШдагы «Америкалык Эларалык Топ» деп, кыскача AIG (ЭйАйЖи) деп аталган эң ири камсыздандыруу компаниясынын жетекчиси Эдвард Лидди компаниянын айрым аткаминерлерине олчойгон сыйлык төлөнгөн окуяга байланыштуу бүгүн Конгрессте ар кыл суроолорго жооп бермекчи.
Алиги компания жакында эле 400 чамалуу жетекчи кызматкерлерине 165 миллион доллар өлчөмүндө “сыйлык” таратканы ачыкка чыгып, бул окуя коомчулуктун бүйүрүн кызыткан. Анткени AIG компаниясы каржылык кризиске кептелген маалда бийликтен жардам сурап, салык төлөөчүлөрдүн федералдык казынадагы каражатынан 170 миллиард доллар жардам алган. Ошондон тарта баалуу кагаздарынын 80 пайыздайы мамлекетке таандык болуп калган компаниянын мындай жоругун бийликтер кескин сынга алды. Каржы министри Тимоти Гейтнер “сыйлык” катары таркатылып кеткен чоң суммадагы каражаттын оодук бөлүгүн кайра кайтарып алууга чакырды.