“Азаттыктын” Жалал-Абаттагы кабарчысы Ырысбай Абдраимовдун кабарлашынча, Аксынын акими Аскербек Алиев баштаган район жетекчилери, молдолор Боспиекке келип, куран окулуп жатат. Андан соң Кара-Жыгач айылында Аксы окуясын талдаган жыйын өтмөкчү. Мындан туура жети жыл мурун дал ушул күнү Аксыда милиция менен эл кагылышып алты адам окко учкан, дагы бир канчасы жарат алган. (EBM)